Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Орусия Израилди чектен чыкпоого чакырды


Орусия Израилди талаштуу Батыш Иерусалим аймагында курулуштарын токтотууга чакырды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Андрей Нестеренко бул курулуш иштери 2003-жылы Израил менен Палестина ортосундагы макулдашуунун шарттарын бузуп жатканын айтты. Мунун алдында Израилдин аракеттерине нааразылыгын Евробиримдик менен АКШ да билдирген. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Швеция Израил Иерусалимде чагымчыл аракеттерден алыс болушу керектигин айтты. 1967-жылы Израил араб мамлекеттери менен согушта Батыш Иерусалимди ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG