Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

ЖККУ саммитине бардык президенттер келет


Тышкы иштер министрлигинен бүгүн алынган маалыматка караганда, 31-июлда Чолпон- Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал саммити болот. Ага уюмга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн президенттери келиши күтүлүүдө. ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жаныш Рүстенбековдун маалымат каражаттарына буга чейинки билдирүүсүнө караганда, Чолпон-Ата саммитинде ЖККУнун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн базасын Кыргызстан түштүгүндө түзүү маселеси талкууланат.(AiT)_

XS
SM
MD
LG