Швейцария өкмөтү жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы “Бишкексууканалдын” бөлүштүргүч тармактарын оңдоо үчүн 11 миллион 800 миң евро бөлөт. Анын ичинен Швейцария бөлгөн 5 миллион 700 мин евро грант түрүндө болсо, банк тарабынан 5 миллион 5 миң евро насыя иретинде берилет. Андан сырткары техникалык жардам иретинде банк 600 миң евро бөлөт.Бул каражатка “Бишкексууканалдын” эскирген жабдуулары,түтүктөрү жаңыланып, жаны суу соргучтар жана өлчөгүчтөр орнотулат.Бул долбоор боюнча үч тараптуу келишимге 21-июлда Бишкекте Каржы министрлигинде кол коюлганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.(AiT)