Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Сот “Менин тандоомдун мезгилинин” арызын кароодо


Бишкекте мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдө мыйзам бузуулар орун алганына байланыштуу “Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси Свердлов райондук сотуна кайрылган. Бирикменин узак мөөнөттүк байкоочулары Свердлов райондук акимиатында көптөгөн дарыгерлердин добуш берүүсүн байкап, ал фактыларды документтештирген. "Шайлоо кодекси дарыгерлердин мөөнөтүнөн мурда добуш берүүсүнө жол бербейт. Ошондуктан сотко кайрылдык", - дейт бирикменин юристи Назира Абдылдаева. Учурда райондук сот байкоочулардын арызын карап жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG