Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:27

Ошто Атамбаевдин байкоочуларын каттабай коюшту


«Ата Мекен» партиясынын Ош аймактык координатору Төлөгөн Келдибаевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин жүз элүүдөн ашуун ишенимдүү адамын жана байкоочусун Ош шаарындагы участкалык шайлоо комиссиялары каттоодон баш тартты. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев оппозиция өкүлүнүн дооматын четке какты. Анын айтымында, Атамбаевдин штабы талапкердин ишенимдүү кишилери жана байкоочулары каерде иштешкендиги туурасында так маалымат беришкен эмес. (ATo)

XS
SM
MD
LG