Бүгүн президент Курманбек Бакиев Бишкектеги декоративдүү багбанчылык ишканасынын имаратына жайгаштырылган №1223 шайлоо участкасында добуш берет. Өкмөт башчы Игорь Чудинов болсо шаардагы №64 мектепте жайгашкан шайлоо участкасында, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №6 мектепте 8161 шайлоо участкасында добуш берет. БЭКтен бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаев менен “Ак шумкар” партиясынан талапкер Темир Сариев Кулатов менен Байтик көчөлөрүнүн кесилишиндеги кесиптик лицейдеги №1210 шайлоо участогунда добуш беришет.(AJ)