Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Өзгөндө шайлоо участогунда үгүт жүргүзүштү


Талапкер Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн райондук штабынын башчысы Алишер Бакишев «Азаттыкка» маалымдашынча, Салам-Алик участкасынын кире беришинде айыл өкмөтүнүн башчысы Султанбек Инашов катышкан айыл аксакалдарынын жыйыны өтүп, президент Курманбек Бакиевди массалык түрдө колдоо боюнча кептер айтылды. Ал эми Ак-Жар жана Мырзаке кыштактарында тургундар мамлекеттик органдар жалдаган атайын машинелер менен ташылууда. Бишкекте иштеген чоңдордун бардыгы аймакты кыдырып, шайлоо участокторун сыртынан аңдып жүрүшөт. СДПнын өкүлүнүн айтымында, элдин көпчүлүгү жайлоодо, ошол себептүү калктын активдүүлүгү анчалык байкалбайт.

Райондук бийлик жана шайлоо комиссиясы оппозиция өкүлүнүн айткандарын четке кагууда. (АТо)

XS
SM
MD
LG