Талас, Ош жана Бишкек шаардык милициянын кызматкерлери жана ардагерлери Башкы прокуратурага кайрылып, Алмазбек Атамбаевдин Таласта милиция кызматкерлеринин дарегине айтылган сөзүнө баа берүүнү өтүнгөн. Милиционерлер Атамбаевдин сөзү алардын ар-намысына доо кетирди деп эсептешкен. Башкы прокуратура кайрылууну карап чыгып, мыйзамдарды бузууга жол берилбесин Алмазбек Атамбаевге эскертти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)