Анда жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын шайлоого көз карандысыз баа берүүсүнө АКШ чоң маани берери айтылып, бирок жыйынтыктоочу баа добуш берүүдөн кийин гана берилери белгиленген. Жарандык уюмдардын бирикмеси 23-июлга белгиленген президенттик шайлоо боюнча акыркы отчетун буга чейин берген.Тилекке каршы бирикменин отчетунун орус тилдеги вариантында ал “жыйынтыктоочу отчет” деп аталып калган. Жарандык уюмдардын бирикмеси бул боюнча түшүндүрмө берип, ал жыйынтыктоочу отчет эместигин билдирген. Бирикменин мындай чечимин АКШ кубаттайт жана жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын 23-июлдагы президенттик шайлоого толук катышуусун колдойт, деп айтылган билдирүүдө. (AiT)