Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Опппозиция шайлоонун легитимдүүлүгүн күмөнгө чыгарууда


Социал-демократиялык партиянын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жалпы өлкө аймагында шайлоону массалык бурмалоолор жүрүп жатат.Мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлерди ташып, атайын даярдалган кабиналарда добуш берүүгө мажбурлоо болуп жатат. Бюллетендерди массалык таштоолор орун алып, эрте мененден тарта активист жана саясий партиялардын байкоочулары кысымга алынды. Участкалык комиссиялар арыздарга эч кандай көңүл бурбай жатат. Мындай шартта шайлоону легитимдүү деп атоого болбойт, деп белгилейт КСДПнын маалымат кызматы. Ошого карабай, Борбордук шайлоо комиссиясы болсо мыйзам бузуулар боюнча эч кандай факты түшө электигин билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG