Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши Борбордук шайлоо комиссиясынын “Менин тандоомдун мезгили” бирикмесин айыптоосун адилетсиз деп атады. Белгилүү болгон жарандык уюмдардын бирикмеси 15-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо өнөктүгү боюнча отчетун жарыялаган. Ал отчет БШКга да тапшырылган. Бирок уюмга тиешеси жок http://jashtar.kg сайтында 21-июлда бирикменин отчету жарыяланган. БШК буга жарандык уюмдардын бирикмесинин тиешеси бар деп айыптап, кылмыш иши козголо турганын билдирген. Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши БШКнын айыптоосун жасалма түрдө уюштурулган деп, аны жарандык байкоочуларды коркутуу катары баалады. (AiT)