Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Баткенде 46 пайыздан ашык шайлоочу добуш берди


Облус борборунда шайлоочулар жогорку активдүүлүгүн көрсөтүп жатканын “Азаттыкка” бул шайлоого байкоо салган “Энелерди жана балдарды коргоо” аттуу жергиликтүү коомдук уюмдун жетекчиси Аваз Чотбаев билдирди. Анын айтымында, мындай активдүүлүк жалпы эле облус аймагында байкалып, добуш берүү жараяны негизинен тынч өтүүдө.

Облустук шайлоо комиссиясы болсо саат 12ге карай аймактагы жалпы шайлоочулардын 46, 6 пайызы катышканын, катышуу өзгөчө Сүлүктү шаарында жогору болуп, түшкө чейин эле бул шаарда 59 пайыз шайлоочу добуш бергени тууралуу маалымдаганын “Азаттыкка” облус бийлигинин басма сөз катчысы Мамажан Бердишев кабарлады.

XS
SM
MD
LG