Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Акыйкатчыга нааразыланган жаштар пикетке чыкты


Жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылы бүгүн кечке маал Акыйкатчынын имаратынын алдында нааразылык акция өткөрүштү. Аталган кыймылдын он чакты өкүлү жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” курган маегинде “Мен ишенбейм” кыймылынын айрым өкүлдөрү коопсуздук кызматкерлери куугунтуктап жатат, деген шылтоо менен чет өлкөдөн баш паанек алууга кызыкдар деп айтканын айыпташты. Т. Акун чогулгандарга чыгып, азыр айрым жаштардын ушундай ниети бар экенин, бирок аталган жаштар кыймылынын өкүлдөрүн бул топко кошпогонун билдирди. “Азаттыкка” жогорудагыдай мазмунда макала чыккандан кийин коопсуздук кызматкерлери “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүн кайрадан суракка ала башташкан. Мурдараак УКМК бул жаштарды чакырып алып, шайлоодон кийин нааразылык акция өткөргөндөр камалат, деп эскерткени маалым болгон. “Мен ишенбейм” кыймылын эки жыл мурун парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жаштар түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG