Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

“Ата Мекендин” өкүлүнө кылмыш иши козголду


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Кубат Артыковго Кылмыө Жаза кодексинин 234-беренеси боюнча “Бейбашчылык” кылган делип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Акман айыл өкмөтүнүн Колот айлындагы №130 шайлоо участкасында “Ата Мекен” партиясынын Базар-Коргон району боюнча өкүлү Кубат Артыков баш болгон беш адам шайлоо участкасына кирип шайлоо үкөктүрн видеотасмага түшүрүүгө аракет кылышкан. Кырдаалды жөнгө салууда К.Артыков шайлоо комиссиясынын төрайымы Зулфия Көчкөнбаевага күч колдонуп, анын жанындагы белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, комиссиянын мүчөсү Ш.Шеркуловду уруп жиберген. “Ата Мекен” партиясынын штабынан алардын өкүлдөрүнө карата чагым уюштурулуп, жалаа жабылып жатканын билдиришти.

Ошондой эле Оштун Кара-Кулжа районундагы №5010 шайлоо участкасында СДПнын өкүлү Советбек Жунусов мас абалында шайлоо участкаларынын ишине жолтоо болуп, шайлоо комиссияларынын аброюна шек келтирди делип Административдик Кодекстин 364-беренеси “майда бейбашчылык” боюнча протокол түзүлүп Кара-Кулжа райондук сотуна кароого жөнөткөн. СДПнын штабынан болсо Советбек Жунусов шайлоо участкасында мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылганда, ал жердегилер жалган жалаа менен Жунусовдун үстүнөн милиция кызматкерлерине кайрылышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG