Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча 23-июлда Базар-Коргон районундагы №130 шайлоо участогунда президенттик шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук жасалды, деген айып менен райондук ИИБ кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура кечээ “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Кубат Артыков баштаган беш киши аталган шайлоо участогунда комиссиянын төрайымына кол көтөрүшкөн, деп билдирет.
БЭКтин штабы болсо бул шайлоо участогунда шайлоо комиссияларынын жетекчилери баш болуп, КР мы йзамдарын жана шайлоо кодексин одоно түрдө бузган, ага каршылыгын билдирген кишилерди тартип коргоо кызматкерлери күч менен кармап кетишкен, деп маалымдоодо. 23-июлда болгон президенттик шайлоону эки талапкер: Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев легитимсиз деп аташып, добуш берүү күнү түштөн кийин шайлоого катышуудан баш тартышкан.(ZKo)