Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовскийдин саат 10:00 болгон маалымат жыйынында билдиргени боюнча БШКга талапкерлердин байкоочуларынан, ишенимдүү өкүлдөрүнөн анча-мынча арыздар келип түшкөн. Бул арыздарды карап, териштирүү үчүн атайын жумушчу комиссия түзүлдү, деп маалымдады төрага.
23-июлда болгон президенттик шайлоодо добуш берүү учурунда элди массалык түрдө ташуу, бир кишиге бир нече жолу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү, бюллетендерди массалык түрдө үкөккө таштоо жана башка бир катар мыйзам бузуулар тууралуу оппозициялык талапкерлердин байкоочулары маалымдап жатышты. Талапкер Алмазбек Атамбаевдин штабы мындай мыйзам бузууларга шайлоо комиссиялары тарабынан жол берилип жаткандыгын белгилеп, буга байланыштуу байкоочулар түзгөн актыларга шайлоо комиссияларынын жетекчилери кол коюудан баш тартышканын маалымдашкан.(ZKo)