Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

ЭНЕМО: Шайлоо тынч, бирок мыйзам бузуулар менен өттү


Эл аралык уюмдардын байкоочуларынан турган байкоочулар миссиясы маалымдагандай кечээ болуп өткөн шайлоодо шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн сабатсыздыгы, өздөрүнүн ишине жоопкерсиздиги байкалган. Ошондой эле айрым участоктордо эл аралык байкоочуларга да участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан орой мамиле жасалып, добуш берүүгө көзөмөл кылууга киргизилбеген учурлар болду. Кээ бир участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду талапкерлердин ишенимдүү адамдарына жана байкоочуларга берүүдөн баш тартышкан, көпчүлүк шайлоо участокторунда добуштарды саноого көз салууга байкоочулар менен ишенимдүү адамдарга уруксат берилген жок. ЭНЕМО байкоочулар миссиясы 23-июлда өткөн президенттик шайлоону эл аралык стандарттарга туура келген жок, мындан кийинки шайлоолор эл аралык деңгээлде өтүүсү үчүн Кыргызстанда жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл, деп белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG