Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Т. Сариев: Шайлоо таза өткөн жок


Президенттик шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп өттү, деп билдирди президенттикке талапкерлердин бири, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев журналисттерге. Анын пикири боюнча 23-июлда кыргыз бийлиги президенттик шайлоону мыйзамга ылайык, таза өткөрүүгө, муну менен эл аралык коомчулуктун алдында жүзү жарык болууга мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок андан пайдалана алган жок. Ал эми добуш берүү күнүнүн экинчи жарымында президенттик шайлоого катышуудан баш тарткан атаандаштары: А. Атамбаев менен Ж. Назаралиевдин кадамын бийлик менен сүйлөшүлгөн иш, деп баалады. Темир Сариев БЭК шайлоо жыйынтыгында 2-орунду берүү талабын коюп, бийлик менен сүйлөшүп, шайлоого катышуудан баш тартты, ал эми шайлоону легитимсиз деп таануу, кечинде элди чогултуунун баары –шоу деп эсептейт. “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы президенттик шайлоодо жогорудагы эки талапкердин байкоочуларын, ишенимдүү адамдарын шайлоо участокторунан чакыртып алышы –мыйзам бузуулардын массалык түргө айланышына алып келгендигин белгиледи.
23-июлда болуп өткөн президенттик шайлоону эки талапкер: Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев легитимсиз деп таанып, добуш берүү күнүнүн экинчи жарымында шайлоого катышуудан баш тартышкан. Алар буга шайлоо күнүндө административдик ресурстун эбегейсиз колдонулгандыгын, шайлоо кодексинин жана КР мыйзамдарынын жергиликтүү бийлик, күч органдары жана шайлоо комиссиялары тарабынан өтө одоно бузулгандыгын себеп кылышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG