Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

25-июлда митинг болот


Бул күнү кыргызстандык укук коргоочулар бүткүл дүйнө жүзүндөгү укук коргоочулар, коомдук ишмерлер менен бирдикте Иран жарандарына колдоо көрсөтүүчү митингге чогулушат. “Чексиз адам укугу” деп аталган митинг М. Горький атындагы гүлбакта саат 11:00 болот. “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму тараткан маалыматта айтылгандай митингдин максаты өздөрүнүн укугу, эркиндиктери үчүн күрөшүп келе жаткан ирандык жарандар менен тилектештигин билдирүү жана ошондой эле ушул тапта түрмөлөрдө камалып жаткан ирандык журналисттерди, укук коргоочуларды, студенттерди эркиндикке чыгаруу талабын коюу. Эртеңки митингге жалпы коомчулук, эл аралык уюмдар жана Кыргызстандагы иран диаспорасы чакырылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG