АКШ, буга чейин айтылган планга ылайык, 2011-жылга чейин Ирактан бүт аскерлерин чыгарып кетиши керек эле. Бирок Вашингтондо президент Барак Обама менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, Ирактын өкмөт-башчысы Нури Ал-Малики америкалык аскерлердин айрымдары Иракта 2011-жылдан кийин да калышы мүмкүн экенин айтты. «Алардын кетиш-кетпеши коопсуздук кырдаалынын ошол учурдагы абалына жараша болот», - деп айтты Малики.