Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, азыркы президент Курманбек Бакиевге добуштардын 83,22 пайызы берилди. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 7,93 пайыз добуш алды. “Ак шумкар” партиясынан талапкер Темир Сариевге 8 пайызга жакын шайлоочу добуш берди. Калган үч талапкерге тең бир пайызга жетпеген добуш тийди. Оппозиция президенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирип, жыйынтыгын таануудан баш тартышууда. (EBM)