Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

АКШдагы кыргыздар нааразылык акциясына чыгышат


Учурда Америкада саясий башпаанекте жүргөн Жалын Маматказиевдин “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдиргени боюнча АКШда жана Канадада жашаган миңден ашуун кыргызстандык жарандар президенттик шайлоодо добуш бере алышкан жок. Анын айтуусунда добуш берүү уюштурулган жок. “Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тараткан маалыматтардагы добуш берген адамдар –ошол элчиликтин кызматкерлери жана аларга тиешелүү гана адамдар. Бул жакта иштеп, саясий бозгунда жүргөн, жашоо-турмушуна ылайык АКШда жашап жаткан кыргызстандыктардын жарандык укугу тебеленди, алар ушундай чоң окуя –президенттик шайлоодо өз добуштарын бере албай калышты. Кыргыз элчилиги АКШнын ичинде Кыргызстандагыдай акыйкатсыздыкты түзүп отурат,” -деп билдирди “Канжар” жаштар кыймылынын лидери Жалын Маматказиев. Учурда АКШдагы кыргызстандык саясий активисттер тарабынан АКШдагы Кыргызстандын элчилигинин алдында нааразылык иш-чарасын уюштурууга даярдыктар көрүлүүдө.

Өткөн жумада КР тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, 23-июлда болгон президенттик шайлоодо Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы 69 жараны добуш бергенин маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG