Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Бакиевдин добуштары азайды, Сариевдики көбөйдү


Мамлекеттик автоматташтырылган системанын акыркы эсеби боюнча президенттикке талапкер Курманбек Бакиевге президенттик шайлоодо берилген добуштар 76, 12 пайыз болду.

Алмаз Атамбаевдин добуштары 8,41 пайыз, Темир Сариевдики 6,74 пайыз, Токтайым Үмөталиеваныкы 1,14 пайыз, Жеңишбек Назаралиевдики 0,93 пайыз, Нурлан Мотуевдики 0,83 пайыз болду. БШКнын маалыматы боюнча бул тыянак 2330 шайлоо участогунун 2305 участогунун бүтүмүнүн негизинде чыкты.

Эсептөөлөрдүн мезгилдүү жыйынтыктары боюнча буга чейинки маал-маалы менен таратылган маалыматтарда Бакиев үчүн добуш бергендер 90 пайызга, Атамбаевдики 8 пайызга, Сариевдики 3 пайызга жакындап турган. БШК бүгүн 23-июлдагы добуш берүүнү жыйынтыктаган отурумун бүгүн түштө өткөргөн атат.(BuS)

XS
SM
MD
LG