Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

БШК: Бакиев шайлоодо 76,12 пайыз добуш топтоду


Акыркы маалымат боюнча 23-июлдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 79,10 пайызы катышты. Бул - 2 329 115 шайлоочу. Шайлоочулар добуш берген 2330 участоктун бардыгы шайлоо боюнча тыянактарын чыгарып бүтүштү. Ага ылайык добуштардын 76,12 пайызын Курманбек Бакиев, 8,41 пайыз добушун Алмаз Атамбаев, 6,74 пайыз добушун Темир Сариев, 1,14 пайызын Токтайым Үмөталиева, 0,93 пайыз добушун Нурлан Мотуев, 0,83 пайызын Жеңишбек Назаралиев алгандыгы маалымдалды. БШК өзүнүн бүтүмүн бүгүн Конституциялык Соттун кароосуна жөнөтөт деп болжолдонууда.(BuS)

XS
SM
MD
LG