Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Укук коргоочулар Иран элчилигине кат беришти


Кыргызстандык укук коргоочулар 25-июлда Бишкектин Горький паркында Ирандагы жагдайга кабатыр акция өткөрүшкөн. Ошол күнү 150 өлкөдө өткөн укук коргоочулардын нааразылык акцияларынын катарында кыргызстандык укук коргоочулар Иран бийлигинен президенттик шайлоодон кийинки адам укуктарын басмырлоону токтотууну, камакка алынгандарды бошотууну талап кылышып, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбадинин Ирандагы жагдайга БУУнун киришүүсу тууралу демилгесин колдоорун билдиришкен. Кыргызстандык 25 укук коргоочунун атынан жазылган ушундай мазмундагы кайрылууну бүгүн “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова Кыргызстандын Ирандагы элчилигине тапшырды. (BuS)

XS
SM
MD
LG