Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

БШК шайлоо тыянагын Конституциялык Сотко жөнөттү


БШКнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда Конституциялык Сот президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Борбордук Шайлоо Комиссиясынын чечимин бир-эки күн аралыгында карары күтүлүүдө. Шайлоо Кодексине ылайык БШК чечимине өз баасын Конституциялык Сот жети күн ичинде бериши керек. Анын негизинде БШК жаңы шайланган президентке президенттин күбөлүгүн жана штандартын тапшырат.

Бүгүн түштө БШК 23-июлдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, президент Курманбек Бакиевди кайра шайланган президент деп тааныды. Бакиев шайлоодо 76,12 пайыз добуш топтоду. Андан кийинки талапкер Алмаз Атамбаев 8,41, Темир Сариев 6,74 пайыз алды. Бириккен оппозиция шайлоону тааныбай тургандыгын жана “Таза шайлоо” деген ураан менен 29-июлда массалык митингге чыгарын 25-июлда жарыялаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG