Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

ЕККУнун байкоочулар миссиясы өзүнө бекитилген милдетти аркалады


ЕККУ байкоочулар миссиясынын жетекчиси кыргыз бийлиги шайлоодогу мыйзам бузууларды олуттуу түрдө иликтөөгө алат деп ишенет. Бул тууралуу ЕККУнун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Радмила Шекеринска кечээ тараткан билдирүүсүндө кабарлаган. Р. Шекеринска ошондой эле кыргыз бийлигинен шайлоо күнүндөгү мыйзамсыздыктарга карата тиешелүү чара көрөт, деген үмүттө. Радмила Шекеринска ЕККУнун байкоочулары добуш берүү учурунда көп өлчөмдөгү мыйзам бузууларга күбө болушканын, бул статистика эмес, конкреттүү маселенин конкреттүү учурлары экендигин белгилеген. Билдирүү ээси ошондой эле ЕККУ байкоочуларына тиешелүү милдеттери бекитилгендигин баса белгилеп, алар ошол чектин ичинде аракет кылгандыгын бекемдейт.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы 23-июлда болгон КР президентин шайлоодо өтө көп көйгөйлүү учурлар жана бюллетендерди үкөккө массалык түрдө таштоо, шайлоочулардын тизмесинин туура эмес түзүлүшү, бир эле адамдын бир канча жолу добуш берүүсү сыяктуу мыйзам бузуулар болгондугун, бул жараян добуштарды саноо жана анын жыйынтыгын чыгаруу учурунда күчөгөнүн билдирген.

КР президентин шайлоо жараянына эл аралык байкоочулар катары көз салган ШКУга жана КМШга мүчө мамлекеттерден келишкен байкоочулар шайлоо акыйкат өттү деген корутунду чыгарып беришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG