Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Конституциялык соттун чечими бүгүн чыгышы ыктымал


БШК 23-июлда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, кечээ аны Конституциялык сотко тапшырган. Мыйзам боюнча Консот бир жума ичинде шайлоонун мыйзамдуулугун аныктап чыгып, керек. Өкмөт үйүндөгү жашыруун калууну каалаган булактан алынган маалыматка караганда Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова бүгүн консоттун чечимин жарыя кылышы күтүлүүдө. Башмыйзамга ылайык Конституциялык соттун чечиминен кийин 30 күндүн ичинде мамлекет башчы президенттик кызматка расмий киришет жана эл алдында ант берет.

БШК 23-июлда болгон президенттик шайлоодо азыркы президент Курманбек Бакиев утуп чыкты, деп кечээ жарыялады. Оппозициялык бириккен кыймыл шайлоо жалаң мыйзам бузуулар менен коштолуп, Курманбек Бакиевдин шайлануусуна БШК өзү катуу киришти, деп белгилөөдө. ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана жарандык коомдун добуш берүүгө көз салган байкоочулары шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн айтып чыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG