Евробиримдик Грузиядагы байкоочулар миссиясынын иш мөөнөтүн дагы бир жылга узартты. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери буга байланыштуу чечимди Брюсселдеги жолугушуу маалында кабыл алышты. Министрлер Түштүк Осетия жана Абхазиянын бийликтерин байкоочуларга тоскоол болбоого чакырышты. Өткөн жылы Орусия менен Грузия ортосундагы кыска мөөнөттүү согуштан кийин бул аймакта Евробиримдиктин гана 246 байкоочусу калган. Учурда аларга Түштүк Осетия менен Абхазияга кирүүгө тыюу салынган.