ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:04

Президенттик катчылык тегерек үстөлгө чакырууда

Катчылык бүгүн тараткан ачык кайрылуусунда 23-июлдагы президенттик шайлоодо кеткен каталардын үстүнөн иштөөгө ар кыл саясий күчтөрдүн өкүлдөрүн, бийлик бутактарын, жарандык коомду, бардык кызыкдар тараптарды, эл аралык уюмдарды, маалымат каражаттарын чакырды. Кайрылууда катчылык сентябрдан баштап “Шайлоо – Кыргызстандагы коомдук өнүгүүнүн көрсөткүчү жана каражаты” деген болжолдуу аталышта конференция, форум же коомдук угуу форматында талкууларды өткөрүүнү сунуштаган. Аны уюштуруу үчүн катчылык 15-августка чейин кызыкдар тараптардан куралган жумушчу топ түзүүнү сунуш кылган. (BuS)
​
XS
SM
MD
LG