Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Нарын: УШКнын негизги протоколу сыртка ыргытылган


Нарын районундагы Жан-Булак айылында жайгашкан №4050-шайлоо участкасына берилген протоколдун чоңойтулган көчүрмөсү толтурулуп туруп, сыртка ыргытылып жиберилгендигин «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Нарын району боюнча координатору Адилет Эшенов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, бир участкага мындай протоколдун бирөө гана берилет жана сейфке сакталган ал протокол райондук шайлоо комиссиясына толук эсеп-кысаптар менен кошо тапшырылышы абзел эле. Учурда ал протокол аталган уюмдун кеңсесинде сакталууда.

Нарын райондук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Сыдык Байтоков мындай протоколдор райондук шайлоо комиссиясына келбестигин, элге тааныштырыш үчүн участкада калаарын жооп кылды. (KUs)

XS
SM
MD
LG