Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Атамбаев жарандарды тынч митингдерге, жүрүштөргө чакырды


Мындай кайрылууну президенттикке талапкер Алмаз Атамбаев бүгүн таратты. Өз кайрылуусунда Атамбаев азыркы бийлик акыркы төрт жылдан бери бийликти калыптоонун демократиялык институту саналган шайлоону жок кылуу, сөз эркиндигин жоюу, саясий оппозицияны жок кылып, өзүнө ыңгайлуу оппозиция түзүү менен алектенүүдө деген. 29-июлда болору күтүлүп жаткан нааразылык акцияларын диктатурага, мыйзамсыздыкка каршы узак, өжөр күрөштүн башталышы деп айтылат кайрылууда. Атамбаев өз кайрылуусунда орусиялык саясий чөйрөнүн чакыруусу менен Орусияга барып, бир катар жолугушууларга катышып келгендигин да маалымдаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG