Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

“Ак арча”: БШК Бакиевдин добуштарын уурдап алды


Мындай билдирүүнү бүгүн “Ак арча” коомдук кыймылы таратты. Өз дооматын кыймыл Курманбек Бакиевге берилген добуштардын эки күндүк тыянагын саны боюнча салыштырып, негиздеген. Маселен Бакиевге 25-июлда 1 млн. 817 миң 692 добуш берилди деп кабарланса, эки күндөн кийин, 27-июлда добуштардын саны 1 млн. 720 миң 421 добуш болуп калган. Добуштардын накталай саны көбөйбөй, кайра азайып кетишин уюм БШКнын шайлоо тыянагын жасагандыгынын далили деп, БШКга ишеним көрсөтпөстүгүн билдирген. Шайлоочулардын добуштарын коргоого, жергиликтүү, эл аралык коомчулукту, “Ак жол” партиясын чакырган.

Шайлоо тыянагын чыгарууда добуштардын проценттик эмес, накталай эсеби боюнча тескери айырма чыгып жатышына таң калуусун “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидер Динара Ошуракунова да билдирди. Анын айтымында “Менин тандоомдун мезгили” байкоочулар биримдиги добуштардын саны боюнча айырмаларды өз алдынча иликтөө, чогултулган протоколдорду салыштыруу жүрүп жатканын билдирди. БШК кечээ мамлекеттик автоматташтырылган система менен жер-жерлерден келген кагаз жүзүндөгү протоколдордо айырма чыгып атканын, буга тынчсызданууга негиз жогун билдирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG