Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

К. Бакиев шайлоодон кийинки пландарын жарыя кылды


Президент Курманбек Бакиев сыналгы аркылуу элге шайлоодон кийинки биринчи кайрылуусун жолдоду. Мамлекет башчысы колдогон шайлоочуларына ыраазылык билдирип, шайлоо алдында берген убадаларынын өтөсүнө чыга турганын баса белгиледи. Президенттин айтымында сентябрда башкаруу чөйрөсүндөгү реформанын биринчи этабы ишке ашырылат. Бул баскычта башкаруудагы кайталоолор жоюлууга тийиш, мамлекеттик кызматчылардын ар биринин жеке жоопкерчилиги жогорулатылат, бюрократиялык аппараттын саны оптималдаштырылат. Президент ошондой эле укук коргоо тармагындагы реформа, аскердик реформа жөнүндө да айта кетти. Тактап айтканда, терроризмге каршы күрөшүүгө жөндөмдүү армияны контракттык принцип менен түзүү жагы каралууда.

Реформалар экономика тармагында инвестициялык климатты жакшыртуу жагында да жүргүзүлмөкчү. Жеке менчик бизнестин кол тийбестигин коргоо боюнча мыйзамдык бекемдөө чараларын көрүү керек. Ошондой эле мамлекет башчы чиновниктер армиясын жаңы генерациядагы муундун алдыңкы өкүлдөрү менен жаңылоого да мезгил жеткенин да белгиледи. “Социалдык жоопкер бийликтин алдында бир максаттагы эки милдет турат: жаңы муунга бийликти улуу мундагылардын тажрыйбасын сактоо жолу менен ишке залака кылбай өткөрүп берүү керек”,-деп айтты президент.

Тышкы саясатта жана эл аралык аренада Кыргызстан, президенттин айтымында, мурдагыдай эле “башкы тарыхый жана стратегиялык шерик” катары Орусия менен экономикалык, маданий жана маалыматтык тыгыз кызматташтыгын сактап калууга умтулат. Ошондой эле АКШ, Түркия, Кытай, Жапония, Сауд Аравия сыяктуу өлкөлөр менен алака-катышын чыңдап өнүктүрүүнү максат кылат. Коңшу өлкөлөр менен сый-урмат жана улуттук кызыкчылыкты сактоо принциптери аркылуу мамиле күтүүнү улантат. (KC)

XS
SM
MD
LG