Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Ырчы Сагынбек Момбековдун дайыны белгисиз бойдон


Сагынбек Момбеков менен байланыш кечээтен бери болбой жаткандыгы тууралуу ырчынын жээни Динара Шаботоева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда кечээтен бери ырчынын чөнтөк телефону өчүрүлүү, ал эми аны алып кеткен Чаткал Жолдошев Сагынбек Момбеков телефон тартпай турган аймакта, жайлоодо жүргөндүгүн туугандарына кабарлаган. Сагынбек Момбеков менен кошо 27-июлда анын жанында жүргөн дагы бир Стам аттуу киши жок болууда, дейт Динара Шаботоева.

27-июль күнү түнкү саат 22:30 чендерде белгисиз бирөөлөр ырчыны “Жип” автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Ырчы өзү болсо коопсуз жерде тургандыгын, оппозициянын митингдерине мындан ары катыша албасын кечээ эртең менен “Азаттыкка” билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG