Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

ЕККУ байкоочуларынын отчету 2 айдан кийин болот


Бул тууралуу ЕККУнун Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары бюросунун миссия башчысы Радмила Шекеринска “АКИпресс” агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Башкы байкоочунун айтымында, бул отчет алдын ала отчеттун уландысы катары саналат. Анда шайлоо жараянынын акыркы баскычы добуш берүүдөн кийинки кайрылуулардын, даттануулардын каралышы менен кошо камтылат.

ЕККУ миссиясы алдын ала берилген отчетунда 23-июлдагы президенттик шайлоо ЕККУнун талаптарына жооп берген жок деген тыянагын чыгарган. БШК өз кезегинде миссия компетентсиз адистерден топтолгонун билдирип, мыйзам бузуулар боюнча маалыматты дароо берген жок деп сындаган. Шекеринска өз интервьюсунда БШКнын мамилесин конструктивдүү эмес мамиле деп баалады. Анын айтымында ЕККУнун бюросу тажрыйбалуу, кесипкөй байкоочуларды ачык конкурстун негизинде, атайын талаптарга ылайык тандайт. Ал эми ички мыйзам бузууларды кароо БШКнын милдетине кирет жана ага эл аралык уюм кийлигише албайт деп билдирди Шекеринска.

Президенттик шайлоого ЕККУнун 200дөн ашык байкоочусу көз салды. (BuS)

XS
SM
MD
LG