АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Иракка күтүүсүз сапары менен келди. Пентагондун башчысы Гейтс Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жана коргоо министри Абдул Кадыр Жессим менен жолугушту. Эки күндүк сапарынын жүрүшүндө Роберт Гейтс Ирактын Күртистан автономиялык районуна да бармакчы. Роберт Гейтс Иракка Израил жана Иорданиядагы сапарынан кийин барды.