Саясий партия, укук коргоо уюмдары жана саясий кыймылдар атынан жолдонгон кайрылууда ЖККУга мүчө өлкө башчыларынан мыйзамсыз шайланган кыргыз президентин акыл калчап иш кылууга чакыруу өтүнүчү камтылган. “ЖККУ өлкөлөрүнүн 1-августка белгиленген кезектеги жыйыны Курманбек Бакиевдин төрагалыгы астында өтүшү легитимсиз. 23-июлда өткөн президенттик шайлоо Шайлоо кодексин одоно бузуу, административдик ресурсту колдонуу, массалык мыйзам бузуулар менен коштолду. Демократиялык негизде шайлоо өтпөй, Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарган жок.” - деп айтылат кайрылууда. (EK)