Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

БЭКтин 22 тарапкери аскерий комендатурада камакта


Алардын ахыбалын билүү үчүн барган СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимовду камактагыларга киргизбей атат. Бул тууралуу депутат “Азаттыкка” билдирип, “Депутаттын статусу жөнүндөгү” мыйзам одоно бузулуп жатканын белгиледи. СДПнын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, ИИМ оппозициячыларды камаган аскерий комендатура Коргоо министрлигинин карамагында, ошондуктан, бул жерге жөнөкөй жарандарды камоого башкы командачы Курманбек Бакиев гана уруксат бериши керек. Учурда комендатурада камалып турган 22 оппозиция тарапкери үчүн сот жараяны башталууда жана ага коомдук коргоочу катары укук коргоочулар киргени жатышат. Бул тууралуу укук коргоочу Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG