Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Молдовада парламенттик шайлоо аяктап калды


Жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийинки саат 3кө карата шайлоочулардын 33 пайызы катышканы маалымдалды. Добуш бергенден кийин Воронин Москваны Молдованын чыныгы досу деп атады. Парламентте жаңы мамлекет башчысына коммунисттер көрсөткөн талапкер эки ирет өтпөй калгандан кийин, кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президент Владимир Воронин парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялаган. 5-апрелдеги парламенттик шайлоодон кийин тополоң чыккан эле. Бүгүн Воронин мындай тополоңго коопсуздук күчтөрү жол бербейт деди. Шайлоодо Орусия менен стратегиялык кызматташттыкты колдогон коммунисттер менен Батыш менен жакын алаканы жактаган либералдык оппозиция ат салышууда.

XS
SM
MD
LG