Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Кармалгандарга ИИМ жетекчилери баш болуп күч колдонушкан


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча Арашан айылдык кеңешинин депутаты Самгыт Сарманбетовду кечэээ ички иштер министринин орун басары Курманалиев токмоктоп салганын тастыктаган күбөлөр бар. Натыйжада Самгыт Сарманбетовдун сол жак бөйрөгүнө доо кетип, ал түндө Улуттук госпиталга жеткирилди. Укук коргоочунун айтуусунда Сарманбетовдун абалы начар экендигин көрүп туруп, тартип коргоо кызматкерлери да, прокурорлор да ага медициналык жардам көрсөтүүгө макул болушкан эмес. Аскерий комендатурада болгон көчмө сот арашандык депутатты 7 күнгө камоо чечимин чыгарган. Акыры укук коргоочулардын кийлигишүүсү жана чакырыгы менен “Тез жардам” келип, Сарманбетовду ооруканага алып кеткен.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы болсо милиция коомдук тартипти коргоо үчүн мыйзам чегинде аракеттенди, деп билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG