Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

ИИМ өлкөнүн коомдук-саясий кырдаалын көзөмөлдөөдө


Мындай маалыматты ички иштер министрлиги таратты. Анда айтылгандай бириккен оппозициянын 29-июлда жалпы өлкө боюнча нааразылык митингдер болот, деп жарыялаганына карабай, кечээ Кыргызстандын бардык аймактарында кырдаал тынч болду. Түштүктөгү үч облуста тең эч кандай чогулуулар болгон жок. Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында жыйырма-отуздай оппозициянын талапкерлери чогулуп, митинг өткөрүүгө аракет кылышты, бирок андан пайда чыкпады. Чүй облусунун айрым райондорунда жүзгө жакын кишилер Бишкекке карай жөө жүрүш жасаган мезгилде милиция тарабынан кармалган. Бишкекте дагы жүзгө жакын киши шаардын батыш тарабында чогулган жерден милиция коомдук тартипти сактоо үчүн алардын ичинен 42 кишини камакка алды. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал тынч, абал ички иштер министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Кечээ милиция тарабынан “Таза шайлоо үчүн” деген ураан менен нааразылык митингине чыккан 64 киши кармалып, 22си аскерий комендатурага, калгандары милициянын кабыл алып бөлүштүрүүчү жайына камалды. Укук коргоочулар кармалган адамдарга тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, сабаганын белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG