Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Иракта сегиз киши набыт болду


Ирактын түндүгүндө ирандык оппозиция тобу менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кайрадан кагылышуу болду. Диала вилайетинин губернатору Абдул Нассер ал-Махвадинин айтымында, кагылышууда ирандык “Элдик мужахеддин” оппозициялык тобунун сегиз мүчөсү набыт болуп, ондогон качкындар жана ирактык полициячылар жараат алды. Буга чейин Ирак бийлиги набыт болгондор тууралуу маалыматтарды четке кагып келген. Расмий Багдад Тегеран менен мамилелерди бузуп албоо үчүн Иракта сүргүндө жашаган ирандык оппозицияны өлкөдөн чыгып кетишин каалайт. АКШ болсо эч ким күч менен өлкөдөн чыгарылбашы керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG