Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Укук коргоочулар кармоолор боюнча билдирүү жасашат


Өлкөдөгү бир катар укук коргоо уюмдары соңку кездери өлкөдө кармоо, камоолор күч алганын айтып, тынчсыздануусун билдиришүүдө. Буга байланыштуу бир катар бейөкмөт уюмдары бүгүн кайрылуу жарыялаган турушат. Алардын айтымында, өздөрүнүн жарандык укуктарын колдонуу үчүн нааразычылык өткөрүүгө аракет кылгандарды камоо соңку кездери абдан күч алып, айрыкча Ноокат окуясынан кийин мындай көрүнүш өнөкөткө айланды. Жарандык коомдун өкүлдөрү ошондой эле 23-июлда өткөн президенттик шайлоодон кийин да андай камоолор көбөйүп, көптөгөн жарандардын баш мыйзамда жазылган укуктары тебеленгенин айтышат. Укук коргоочулар айрыкча бул маселеге эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG