Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Ишмердүүлүгүнө байланыштуу таяк жегендер көп


Бул боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү көптөгөн фактылар бар экендигин айтышууда. Маселен, Москва районунун Беловодск айылынын тургуну, “Импульс” коомдук фондунун координатору Гүлмира Асылбекова президенттик шайлоо учурунда көз карандысыз байкоочулык кылган. Ага 27-июль күнү белгисиз бирөө кол салып, шайлоонун жыйынтыктары тууралуу иштерин токтотуусу керектигин айтып, ур-токмокко алган. Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Гүлмира Асылбекова өзү болсо ооруканадан сабалганын күбөлөндүргөн кагаз жаздырып алганын, учурда тиешелүү органдарга арыз менен кайрылып жатканын айтты. Андан тышкары укук коргоочулар кечээ да ур-токмокко кабылгандар болгонун, 23-июль күнү да сабалгандар бар экенин айтышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG