Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Акыйкатчы камалгандар боюнча президент менен сүйлөштү


Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, Балыкчыда кармалгандар менен кечээ Бишкекте кармалган жарандарга карата ашыкча катуу жазалар колдонулган. Буга байланыштуу ал президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүп, болуп аткан окуялар тууралуу маалымат берди. Президент өз кезегинде камалгандар тууралуу кабатыр болгонун билдирип, маселе чукул арада караларын айткан. Акыйкатчынын айтымында, учурда кечээ Бишкек шаарында кармалгандардын жазасын жеңилдетүү жана 15 күнгө абакка отургузулгандарын бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Андан тышкары Балыкчы шаарында 23-июлдан бери камакта жаткандардын тагдыры боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG