Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Камоолор учурунда сабоолор, мазактоолор болгон


Өлкөдөгү бир катар ири укук коргоо уюмдары бүгүн ушундай билдирүү таратышты. Кечээ оппозициянын бишкектеги каршылык акциялары учурунда ондогон жарандар кармалып, алардын үстүнөн ошол эле күнү сот болгон. Укук коргоочулардын айтымында, милиция кызматкерлери каршылык акциясына чыккандарды кармоо учурунда ашыкча күч колдонуп, алардын кыйласын ур-токмокко алышкан. Кармалгандардын арасында кокусунан эле көчөдөн өтүп бараткандар да бар.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, бул жерде мыйзам бузулган учурлар абдан көп болду. Маселен, сот жабык өтүп, айыпталгандарга түшүнүк кат жаздырылган эмес. Күбөлөр да жок. Ал аз келгенсип кокусунан өтүп бараткан адамдар да кармалып, ур-токмокко алынган соң сот жообуна тартылышкан.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, кечээ Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев өзү баш болуп сабоолорго катышкан. Маселен, министрдин орун басары кошулуп алып Арашан айыл өкмөтүнүн депутаты Сарманбетовду сабап, анын ден-соолугуна олутту зыян келтиришкен. Андан тышкары милиция кызматкерлери кармалган кыз-келиндерди жылаңачтап алып текшерүүгө алып, мазактоого орун беришкен. Азырынча Ички иштер министрлиги мындай билдирүүлөргө жооп кайтара элек.

Андан тышкары, соттун чечими чыккандан кийин кармалгандарга мыйзам боюнча он күн берилиши керек болсо, каршылык акциясынын катышуучулары дароо эле абакка отургузулган. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, милициянын адам укуктарын тебелеген мындай аракеттери жакшылыкка алып келбейт жана коомчулуктун бүйүрүн кызытып жибериши мүмкүн. (IJz)

XS
SM
MD
LG