Кыргызстанда чочко тумоосу катталганы тастыкталбаганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, тумоо жукту деп шектелген эки адамды дарыгерлер иликтеп, оорунун белгилелери табылган жок. Аталаган министрлик тумоо жайылат деп кымгуутка түшүүнүн кажети жок экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Кечээ кыргыз өкмөтү чочко тумоосунун алдын алуу боюнча жыйын курган. Саламаттыкты сактоо министрлиги эпидемиянын жайылышынан сактануу үчүн дары-дармектерди камдап койгонун билдирген. Чочко тумоосу жакында эле Казакстанда катталып, оору он бештей адамга жукканы маалымдалган. (EBM)