Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Аксыда 5 адамга күйдүргү жуккан болушу мүмкүн


Жалал-Абат облусунун Аксы районунун беш тургуну күйдүргү жарасы жуккан болушу мүмкүн деп ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызмат билдирди. Аталган министрлик буга чейин Аксыда 167 адамды күйдүргү жарасына чалдыгышы ыктымал, деп райондук дарыгерлер текшерип жатканын кабарлаган. 18-июлда Семет айылынын С. Толтоев аттуу тургундун Чер жайлоосундагы уйу ылаңдап калган. Уйду сойгон К. Толтоевдин баш бармагына жара чыккан. Анын диагнозун аныктоо үчүн анализдери Кербен шаарындагы санэпидемстанцияга жөнөтүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG