Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Укук коргоочулар "бейбаштыгы" үчүн соттолууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” учурда сот залында отурган “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциясы учурунда кармалган укук коргоочулардын ишин Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун судясы Боронбаева карап жатат. Укук коргоочуларга бейбайштык кылган деген айып тагылууда.

Эскерте кетсек бүгүн төрт укук коргоочу өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүшүп, өздөрүн чынжыр менен “ак үйдүн” темир торуна байлап алышкан. Кечээ ошол эле укук коргоочулар каршылык акциясына чыгышканы үчүн соттолуп, аларга 1500 сомдон айып салынган болчу. Укук коргоочулар шайлоодон кийин камалган жарандарды бошотууну, алардын укуктарын тебелебөөнү талап кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG